Ысык-Көлдө “Ынтымак” форуму өтөт

Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Форум 10-11-августта өтөт. Анда облустагы бардык айылдардын өкүлдөрү катышып, жергиликтүү тургундарды биримдикке чакыруу максатын көздөйт. Ошондой эле облустагы көйгөйлүү маселелер да талкууланаары күтүлүүдө. Форум маданий иш-чаралар жана ат оюндары менен коштолмокчу.(MK\BkA)