Президент бош жаткан эгин талааларын иштетүүнү тапшырды

Жакынкы беш жылда кеминде 50 миң гектар сугат жерлерди ишке киргизүү зарылдыгын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 5-август күнү айыл, суу чарба министри Чыңгызбек Узакбаевди кабыл алган учурунда айтты. Алмазбек Атамбаев сугат жерлерди иштетүү алдыңкы беш жыл аралыгында өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген бирден-бир олуттуу маселе экенин белгиледи.

Улуттук стратегияга ылайык, 2012-2017-жылдар аралыгында Кыргызстанда иштетилбей жаткан эгин талаалары жаңы сугат жерлери катары ишке киргизилет, ал эми сугат жана ичүүчү суу менен 80 миң дыйкан чарбасы же 200 миңден ашык адам кошумча камсыз болору айтылган.

Адистердин белгилөөсүндө акыркы жыйырма жылдан бери сугат-ирригациялык системанын бузулуусунан миңдеген гектар түшүмдүү жерлер иштетилбей калууда.(ZKo)