Ысык-Көлдө селден 8 үй жабыркады

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 4-августта катуу жааган жамгырдан улам Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту  айылындагы  5 үйдүн короосун сел алган. Чолпон-Ата шаарындагы 3 үйдүн ичин суу каптаган. Бул кырсыктын кесепетин жоюу үчүн министрликтин кызматкерлери иштеп жатат. Бул иштердин жүрүшү менен таанышуу үчүн аталган аймакка Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жөнөп кетти.(BkA)