Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат.

Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, Кыргызстан Орозо айтка карата 8-августтан 11-августка чейин "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттерин жаба туруу өтүнүчү менен Кытай тарапка кайрылган. (BkA)