Чүйдө 3 гектар чөп күйүп кетти

Панфилов районундагы Орто-Арык айылына жакын жердеги талаада чыккан өрттөн 3 гектар аянттагы куураган жана 270 таңгак чөп күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүдө министрликтин куткаруучуларына жергиликтүү тургундар жардам беришти. Учурда өрттүн себептери такталып жатат. (BkA)