Ысык-Көлдө “Ынтымак” форуму башталууда

Каракол шаарында өтчү форумда облустагы орчундуу маселелер талкууланып, ал жергиликтүү тургундарды биримдикке чакыруу максатын көздөйт. Ага облустагы бардык айылдардын өкүлдөрү катышат. Форум маданий иш-чаралар жана ат оюндары менен коштолмокчу.

Май айында Жети-Өгүз районун тургундары Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен митинг өткөрүшкөн. Анда кенге кеткен жол тосулуп, электр жарыгы өчүрүлгөн болчу. (BkA\MK)