Жалал-Абад облусундагы сел көпүрөлөрдү алып кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 7-августтагы селде Токтогул районундагы Ак-Жар айылы менен Өзгөрүш айыл аймагын байланыштырган көпүрөнү, Кашка-Суу, Чечекти жайлоолоруна бараткан жолдогу көпүрөлөрдү кыян жууп кеткен.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 8-августта сел жүрүп, Жылуу-Суу эс алуу жайына алып барган жолдун 150 метр аралыгын суу жеп кеткен. Жол каттамы жабык турат.

Көпүрөлөрдү калыбына келтирүү боюнча райондук жарандык коргоонуу комиссиясы иштеп жатат. (AKu)