Ысык-Көлдө "Карагат" фестивалы өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Көлдүн Бөкөнбаев айылында 10-августта өлкөдө алгачкы жолу уюштурулган "Карагат" фестивалы өттү. Фестивалда Көл кылаасында өстүрүлгөн мөмө-жемиштер көргөзмөгө коюлуп, карагаттын жаңы түрлөрү сунушталды. “Кумтөр” компаниясы демөөрчүлүк кылган бул иш-чаранын алкагында жеке ишкерлер арасында 50 тонна карагатты сатуу боюнча келишимге кол коюлду. Иш-чара мөмө-жемиштерди көбөйтүү менен калк жашоосун жакшыртуу максатында уюштурулганы белгиленди. (Уланбек Эгизбаев, Улан Асаналиев)