АКШ Израилдин турак-жай куруу чечимин колдобойт

Батыш Иорданда жана  Чыгыш Иерусалимде  жөөттөр үчүн 1000ден ашуун турак-жай курулсун деген чечим Вашингтонду кабатыр кылып жатканын АКШ мамкатчысынын өкүлү Жен Псаки билдирди. Америка бийлиги Тель-Авивдин бул чечими Израил-Палестина мамилесин сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгөрүү жаңы эле жолго салынып жаткан учурда чыгып жатканын колдобойт.

АКШнын демилгеси менен үч жылдан кийин кайра жанданган эки тараптуу сүйлөшүүлөр шаршембиде уланмак.