“Ата-Бейитте” Чыңгыз Айтматовдун айкелинин курулушу башталды

Мемориалдык комплексте залкар жазуучунун айкелинин пайдубалы түптөлдү. Айкел комплекс түрүндө болуп, бир нече бөлүктөн куралмакчы. Айкелдин ачылышы 26-сентябрга болжолдонууда. 

Дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда дүйнө салган. Жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка чыкмак.(BkA)