Елена Исинбаева кайрадан дүйнө чемпиону


Орусиялык спортсмен, 31 жаштагы Елена Исинбаева шыргый менен секирүүдө үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду. Ал Москванын "Лужники" стадионунда өтүп жаткан мелдеште шыргый жардамы менен 4 метр 89 см. бийикти багындырды. Елена Исинбаева 2005-2007-жылдары дүйнө чемпиону болгон. 2004-2008-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарында алтын медалды уткан.