ПРООН дыйкандарды окутат

Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасына ылайык эгин өстүрүүдө заманбап технологияларды колдонуу жана эгинди түрдүү зыянкечтерден коргоо боюнча атайын долбоор иштей баштады. Долбоор пилоттук түрдө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 25 талаа мектебин түзүү менен башталууда.
Долбоордун бет ачары бүгүн Бишкекте болот. Ага айыл, суу чарба адистери, илимий, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.(ZKo)