Кочкордогу селдин чыгымы 16 миллион сомдон ашты

Бул тууралуу район акиминин орун басары Алымбек Мамырбаев билдирди. 11-августта Кочкор районунун Кош-Дөбө айылында таңга маал катуу жааган жамгырдан улам айылдагы суу топтолгон бассейнден суу ташып, жалпы 11 көпүрөнү суу алып кеткен. 4-5 гектар буудай, арпа айдалган айдоо аянттарды да кыян жууп кеткен. Мамырбаев алдын-ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен жалпы чыгым 20 миллион сомго жеткенин кошумчалады.(BkA)