Кыргызстанда балык фестивалы өтүп жатат

Бүгүн Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Липенка айылында балык фестивалы башталды. Анда балыкчылардын балык кармоо боюнча таймашы, жармаңке, балыкчылыктын жол-жобосун үйрөткөн окуулар өтүп жатат. Мындай фестивал Кыргызстанда алгач ирет уюштурулду.  Фестивал эртең да уланмакчы.(BkA)