Бүгүн "атажуртчу" депутаттарды мандатынан ажыратуу маселеси каралат

Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров кабарлады. Анын айтымындагы, БШКга Жогорку Соттун “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары боюнча токтому келип түштү. Мындан улам аталган токтомго негиздеп, бүгүнкү жыйында депутаттарды мандатынан ажыратуу маселеси каралмакчы. Мандатынан ажыраган депутаттардын ордуна “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде турган талапкерлер депутат катары катталат.

Жогорку Сот 6-августта “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан.  Ага ылайык, сот былтыр 3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айыптап, Ташиев менен Жапаровго 1 жыл 5 ай, Мамытов менен Ташиевдин жансакчыларына 1 жылдан жаза мөөнөтүн берди. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп тапса, Бишкек шаардык соту актаган болчу.  Жогорку Соттун өкүмүн депутаттар саясий чечим деп баалап жатышат. (BkA)