Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпионатына катышат

Бүгүн кыргызстандык 4 дзюдочу дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Бразилиянын Рио-до-Жанейро шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чемпионат 26-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү. Мелдешке Кыргызстандан Ислам Баялинов, Болот Токтогонов, Юрий Краковецкий, Чыңгыз Мамедов жөнөп жатышат. Аларды дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов баштап кетти.(KMa)