Аба ырайы

Кыргызстанда 22-августта жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37 градус ысыйт.
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36 градус ысык болот.
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска чейин көтөрүлөт.
Баткенде түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36 градус ысыйт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градуска жетет.
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20 градус, күндүзгү жогорку температурасы 35...37 градус ысык болот.