Чехияда парламент таркайт

Бул тууралуу  өлкө башчысынын өкүлү Хана Бурьянова бүгүн билдирди. Чехия президенти  Милош Земан 28-августта  парламентти таркатат. 

Парламент таркаган соң  жакынкы 60 күн ичинде парламенттик шайлоо өтүшү керек. Алдын ала 25-26-октябрда болору айтылууда. Шайлоолордун так күнү расмий түрдө 23-августта жарыяланат (AiK).