Соң-Көлдө мекенчил жаштардын курултайы баштала элек.

Кабарчыбыздын айтымында, азыр Соң-Көлдөгү курултайга 300дөй киши чогулду.

Уюштуруучулар ар кайсы аймактардан дагы эл келе жатканын билдиришти. Саясатчылардан “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, жакында эле депутаттык мандатынан ажыратылган “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү Садыр Жапаров, Талант Мамытов, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров катышууда. 

Курултайда жалпы Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал, миграция жана кендерди иштетүү маселеси талкууланары күтүлүүдө.(EzK/KE)