Кыздар арасында футбол мелдеши өтүп жатат

Ишембиден бери Бишкекте 16 жашка чейинки кыздар арасында футболдон “Үмүт кубогу” турнири өтүүдө. Буга Ооганстан, Казакстан жана Кыргызстандан 4 команда катышууда. Кечээ кечиндеги беттешүүдө Кыргызстандын биринчи командасы алматылык кыздарды 3:0 эсебинде утуп алды. Ооганстандык кыздар дагы Кыргызстандын экинчи командасынан жеңилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев кабарлады.

Кечинде саат беште Ооганстан менен Казакстандын командалары беттешет. (КМа)