Ысык-Көлдө 8 бала бакча ачылат

Быйылкы окуу жылына карата облустун Жети-Өгүз районунда үч, Ак-Суу районунда төрт жана Балыкчы шаарында бир бала бакча ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Урумов билдирди.

Андан сырткары иштеп жаткан айрым бала бакчалар кеңейтилет. (MK)