Кыргызстанда бирдиктүү каттоо системасы даярдалууда

Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстандын бардык жарандары тууралуу маалымат топтолгон бирдиктүү каттоо системасынын техника-экономикалык негиздемеси даярдалып бүтүп калды. Ал жакынкы күндөрү өкмөттүн кароосуна жиберилмекчи. Эгер бул долбоорду өкмөт жактырса, 2014-жылдан баштап биометриялык паспорт долбоору менен бирдикте ишке киргизүү мерчемделүүдө.
Бирдиктүү каттоо ситемасына өлкөнүн бардык жарандары тууралуу маалыматтар топтолот. Cистема мамлекеттик каттоо, укук коргоо, салык кызматтарынын ишин жеңилдетерин Сапарбаев кошумчалады.(BkA)