Лондон Сирия боюнча резолюциянын долбоорун даярдоодо

Британиянын премьер-министри Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүн Сирия боюнча Лондон даярдап жаткан резолюцияга жооптуу мамиле кылууга үндөдү.

Премьер-министрдин өкүлү резолюциянын долбоорунда БУУнун уставынын  7-беренесине ылайык калкты химиялык куралдан сактап калуу үчүн бардык  чараларды көрүүгө мүмкүндүк берүү маселеси камтылганын билдирди.