Кыргыз тасмалары Казакстанда көрсөтүлөт

Алматыда 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин өтө турган эл аралык “Евразия” кинофестивалында Кыргызстандын үч жаңы тасмасы көрсөтүлөт. Темир Бирназаровдун “Кумар” фильми “Негизги сынак” номинациясында, Эрнест Абдыжапаровдун “До+Фа” жана Руслан Акундун “Салам Нью-Йорк” тасмалары “Борбор Азия панорамасы” номинациясында катышат. Кинофестивал тогузунчу ирет уюштурулуп жатат.

Фестивал учурунда Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрү өтөт. Анын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинолор көрсөтүлөт. (AKu)