Рамзан Кадыров муну менен катар сынактын уюштуруучуларын добуштарды бурмалаганы үчүн айыптады. Кадыровдун ырастоосунда, сынактын экинчи айлампасында “Чеченстандын жүрөгү” мечити үчүн берилген миллиондогон смс добуштар эсепке алынган эмес.
“Орусия -10” сынагынын экинчи айлампасын 16-кылымда курулган Коломенск кремли 38,6 миллион добуш менен жеңди. Бул Грозныйдагы чоң мечит топтогон добуштан 400 миңдейге көптүк кылат.
Чечен лидери Горзныйдагы мечит Орусиянын эң таанымал он символун аныктоо боюнча сынакта жеңиши үчүн жигердүү өнөктүк жүргүзгөн эле.
29-сентябрда жыйынтыкталуучу сынак Орусия маданиятынын көп түрдүүлүгүн көргөзүүнү көздөйт. Анда жеңген он жайдын макеттери Москванын чет жакасындагы атайын паркта жайгаштырылмакчы. (UE)