Керри: Сирияда зарин газы колдонулган

АКШда Дамасктын жанында химиялык куралдын колдонулганы тууралуу далилдер бар экенин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жекшемби күнү NBC жана CNN телеканалдарындагы маегинде айтты. Керринин айтмында, 21-августтагы чабуулдар учурунда химиялык курал колдонулду делген жерден табылган кан жана чачтын бөлүкчөлөрүндө зариндин издери калган.

Жон Керри ошондой эле Конгресс Сириядагы аскерий операцияга макулдугун берет деп ишенет.