Турак-жайга салык төлөө мөөнөтү бүгүн аяктайт

Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында аянты 80 чарчы метр, башка аймактарда 150 чарчы метр болгон көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер, Бишкек жана Ош шаарындагы аянты 150 чарчы метр, башка аймактарда 250 чарчы метр жер үйлөргө салык төлөнмөкчү. Эгер белгиленген мөөнөткө чейин салык төлөнбөсө жарандарга 2000 сом айыппул салынарын Салык кызматынан эскертишүүдө.(BkA)