Бишкекте “Жибек жолу жылдыздары” фестивалы өтөт

Бишкекте 3-сентябрдан 14-сентябрга чейин “Жибек жолу жылдыздары” аттуу эл аралык фестивал өтөт. Фестивалды Кыргызстан жана Германиянын кызматташтыгын өнүктүрүүгө арналган “Лионс” клубу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүүдө. Иш-чара алкагында классикалык музыка жана фотосүрөтчүлүк боюнча көргөзмөлөр, мастер-класстар жана Кыргызстандын президентине караштуу “Манас” камералык оркестри, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы симфониялык оркестрдин концерттери уюштурулмакчы. Бул концерттерге Германиядан келген ырчы, музыканттар катышмакчы.(BkA)