3-сентябрга карата аба ырайы

3-сентябрь күнү Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы  секундасына 6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүзү 26...31 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүзү 25...30 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Баткенде түнкүсүн 11..16, күндүзү 27..32 градус, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүзү 20...25 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүзү 20...25, Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүзү 25...30 градус жылуу болот.
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, күндүзү 8...13 градус жылуу болушу күтүлүп жатат.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы  6 метрге чейин жетет. Түнкүсүн 12…14, күндүзү 28...30 градус жылуу болот.