Токойлордо өрт коркунучу сакталууда

Кыргыз гидромет борбору Кыргызстандын токойлуу аймактарында өрт коркунучу сакталып турганын билдирди. Маалыматка ылайык, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда өрт чыгып кетүү коркунучу жогору. Талас, Токтогул, Жети-Өгүз райондорунун токойлорунда да өрт болушу ыктымал экени божомолдонууда.

Өрт күндүн ысыгынан жана куураган чөптөргө түшкөн чылым же ширеңке учкундарынан чыгышы мүмкүн. Мекеменин адистери жарандарды этият болууга чакырат. (SE)