Жаңы окуу жылы башталды

Бүгүн жалпы өлкө боюнча 2204 жалпы билим берүүчү жана 60 жеке менчик мектеп жаш жеткинчектерге каалгасын ачты. Бардык мектептерде алгачкы коңгуроо кагылууда. Адатта 1-сентябрда белгиленчү Билим күнү  быйыл жекшембиге туш келгени үчүн бүгүнкүгө жылдырылган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, 2012-2013-жаңы окуу жылында Кыргызстанда жүз эки миңге жакын бөбөк алгачкы жолу мектеп босогосун аттайт. Министрлик быйылкы жылы мектепке кирген жеткинчектердин саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөнүн билдирүүдө.(BkA)