Мушаррафка адам өлтүрүү боюнча дагы бир айып тагылды

Пакистандын полициясы өлкөнүн мурдагы президенти Первез Мушаррафка адам өлтүрүү боюнча дагы бир күнөө койду. 2007-жылы аскерлер тарабынан Исламабаддагы мечит чабуулга алынып, радикал исламчы Абдула Рашид Гази каза болгон. Армиянын ал операциясы учурунда жүздөн ашуун адам каза тапкан. Пакистанды 1999-2008-жылдары башкарган Мушарраф азыр үй камагында.  Мындан бир аз мурдараак Мушарраф премьер Беназир Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар деп күнөөлөнгөн. Первез Мушарраф бардык айыптарды четке кагууда.