Сузак: эки мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук прокуратурасы “Кыргызпочтасы” ишканасынын Сузак райондун филиалында жана райондук Социалдык фонд башкармалыгында иштеп жаткан эки кызматкерге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар пенсияга берилчү 1 934 620 миң сом акчаны туура эмес пайдаланган деп шектелүүдө. Кармалгандарга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат. (SE)