“Ата-Журт” фракциясына жаңы депутаттар кошулду

“Ата-Журт” фракциясындагы бош орундарга Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мырзабеков жана Бакыт Шаршеев катталды. Аларга бүгүн депутаттык күбөлүк жана төш белгилер тапшырылганын Борбордук шайлоо комиссиясынан “Азаттыкка” билдиришти.

Аты аталган эл өкүлдөрү “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ордуна келди. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, алар кийинки жумада ант бергенден кийин расмий түрдө иштей баштайт. (SE)