Пакистанда жардыруудан 11 киши жараат алды

Пакистандын түндүк батышындагы Банну шаарында кыздар окуган мектептин алдында бомба жарылып, 11 киши, анын ичинде 7 окуучу кыз жарадар болду. Жабыркагандардын баары ооруканага түшкөнүн жергиликтүү дарыгерлер билдирет. Жардыруу окуучулар мектептен тарагандан кийин болгон. Азырынча бул үчүн эч ким өзүнө жоопкерчиликти ала элек.

Пакистанда радикалдык исламчылар кыздар окуган жерлерге байма-бай чабуул жасап келет. Өткөн жылдын октябрь айында Сват районунда кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн жаш активист Малала Юсуфзайга талибдер кол салган.