Москвада шаар мэрин шайлоо жүрүп жатат

Эртең мененки саат сегизде Орусиянын борбор калаасындагы бардык добушканалар ачылды. Шайлоо 3411 участокто болот. Москвалыктар дээрлик он жылдан бери мэрди түздөн-түз добуш берүү менен шайлаша элек болчу.

Москва шаарынын мэрлигине алты талапкер ат салышууда, алардын ичинде шаардын мурунку мэри Сергей Собянин, оппозициянын өкүлү Алексей Навальный бар.