1-октябрдан тартып пенсия көбөйөт

Мындан пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 400 сомго көбөйөт. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Камила Талиева социалдык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйынында билдирди. Ошондой эле пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө үчүн эмгек акынын чектелген деңгээли 5 миң сомдон 8 миң сомго жогоруламакчы.

Пенсиянын көбөйүүсүнө муктаж болгон пенсионерлердин жалпы саны 51,2 миң. Ал эми пенсияны жогорулатууга кошумча жалпы муктаждык 806,9 млн. сомду түзөт.(ZKo)