Бишкек: кийим сактаган кампадан өрт чыкты

Өрт борбордогу Фучик көчөсүндөгү кийим сатчу дүкөндүн кампасынан чыккан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык өрт коопсуздугу кызматынын жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, учурда 2 миң чарчы метрге жайылган өрттү өчүрүү беш бригада өрт өчүргүчтөр  иштеп жатат. Өрт өчө элек. Анын эмнеден чыкканы жана канча зыян келгени азырынча белгисиз.(BkA)