Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайда Ай майрамын белгилөө иш-чараларына байланыштуу 19-22-сентябрь күндөрү мамлекеттик чек арадагы Торугарт унаа жолу жана Эркечтам өткөрмө бекеттери жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмүнөн кабарлашты.

Өткөрүү бекеттери 23-сентябрда кайрадан иштейт. (SE)