Сирияда зарин колдонулганы ырасталды

Сириядагы 21-август күнү жүздөгөн адамдын өмүрүн алган чабуулда химиялык курал колдонулганын Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору ырастады.

Химиялык курал боюнча адистер айлана-чөйрө, химиялык жана медициналык далилдерге таянып, нервге зыян келтирчү зарин заты Гута жана Дамаск аймактарында 21-августта ракетадан атылганын тастыкташты. Бул докладды бүгүн Бириккен улуттар уюмунун төрагсы Пан Ги Мун расмий таркатат.

Инспекторлор чабуулга кимдер жооптуу экенин аныктоого укугу жок болгонун баса белгилей кетүү абзел. (BAz)