Баткенден Кытайдын 8 жараны чыгарылды

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өткөн жумада атайын иш- чарасында Баткен облусунун аймагында мыйзамсыз жүргөн бир нече кытай жарандары кармалды. Анын ичинен 50 чактысына административдик айыппул салынса, соттун чечими менен 8 жаран өз мекенине чыгарылды.

Баткен облусуна жакынкы кошуна өлкөлөрдөн бир жылда 1500дөй жаран келип иштейт. Анын көпчүлүгү Өзбекстан жана Тажикстандан келген мандикерлер. Басымдуу бөлүгү чек арадан мыйзамсыз өтүп келет.(JsA)