Уулангандардын баары ооруканадан чыкты

Бишкектеги “Мадина+” ашканасында ууланган адамдардын баары ооруканадан чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Ууланган 10 адамдын акыркысы 19-сентябрь күнү үйүнө чыгарылды. Абалдары жакшы.

Бишкектеги “Дордой” базарынын аймагындагы “Мадина+” ашканасында 14-сентябрь күнү тамактан 10 адам ууланып, бейтапканага түшкөн. Жабырлангандардын бирөө жаш бала экени айтылган. 

Андан мурдараак - 7-сентябрь күнү борбордогу «Енисей» кафесинде да 100дөн ашык адам ууланып, 68и ооруканага жаткан. (SE)