Ош: чоң көпүрөнүн курулушу октябрда башталат

Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, шаардагы автоунаа кыймылын жөнгө салуу максатында курулуучу эстакада көпүрөнүн капсуласын коюу салтанаты 5-октябрда – Шаар күнүн белгилөө майрамынын алкагында башталат.

Көпүрөнү курууга 500 миллион сом сарпталаары, курулуш иштерин Кытайдын компаниясы жүргүзөөрү айтылган.

Навои көчөсүндөгү бул көпүрөнүн узундугу 450, кеңдиги 17 метр болмокчу. (ZKo)