Бишкекте унаа фестивалы өтүп жатат

“Унаа-Мега” деп аталган фестивал Бишкектеги эски аянтта өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында эски жана жаңы автомобилдердин көргөзмөсү уюштурулган. Аны ”Колеса KG” медиахолдинги менен шаардык бийлик биргеликте өткөрүп жатат. (ZKo)