Германияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Элдин пикирин сурап билүүлөр көргөзгөндөй, канцлер Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы добуштардын көбүн жеңе алчудай. Андай болсо, Меркел үчүнчү жолу өкмөт башчынын кызматын аркаламакчы. Бирок анын коалиция боюнча өнөктөшү "эркин демократтар" 5 проценттик тосмодон өтө албай калышы ыктымал. Меркелге оппозициядагы "Жашылдар" партиясы же Социал-демократтар менен сүйлөшүүгө барууга туура келет. 50 жылдан бери бир да партия Бундестагда көпчүлүк мандаттарды жеңе элек.

Меркелдин негизги атаандашы, Социал-демократтардын лидери Пир Штайнбрюк азыркы канцлердин кабинетинде министр болууга макул болбосун билдирди.
Алагачкы санактар добушканалар жабылгандан кийин белгилүү болот. Бирок жаңы өкмөттүн болжолдуу курамын дагы бир нече күн күтүү керек.