Кениядагы соода борборунда атыш уланууда

Найроби шаарында коопсуздук күчтөрү соода борборун ээлеп алган исламчыл согушкерлер менен атышууну улантууда. Кениянын расмий булактары дүкөндө 10-15 чакты согушкер жана карапайым адамдар кала бергенин маалымдашты. Окуя башталган ишембиден бери 59 киши окко учту, 1 миңден ашууну аман-эсен эвакуацияланды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “ал-Шабааб” экстремисттик уюму өзүнө алды. Алар кениялык контингенттин кошуна Сомалидеги бейпилдик миссиясына катышуусуна каршы болушууда.

Курман болгондордун арасында Кения президентинин туугандары, ганалык белгилүү акын жана бир нече чет өлкөлүк жарандар бар.