Обама: Найробидеги кол салуу - коркунучтуу кылмыш

Найробидеги террордук кол салууну сындап жатып, Барак Обама АКШ ишембиде соода борборуна кол салган террордук топторго каршы күрөш жүргүзүү үчүн Кения бийлигине ар тараптан жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Обама бул тууралуу дүйшөмбүдө БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Обаманын айтымында, Кенияда болгон иш эл аралык коомчулуктун “ал-Шабааб” сыяктуу кылмыш топтору жасап жаткан “маанисиз зомбулукка” каршы турууга милдеттүү экенин аныктады.

Мурдараак Найробидеги теракттан 62 киши өлүп, 175 адам жаракат алганы кабарланган. Өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын арасында чет өлкөлүк жарандар да бар. Бул теракт үчүн “ал-Каида” менен байланышы бар “ал-Шабааб” тобу жоопкерчиликтүү экенин маалымдап, чабуул Кениялык аскерлердин Сомалидеги операцияларга катышуусуна каршылык деп билдирген.