Иран: саясий себептер менен камалган 80 киши бошотулду

Юстиция министрлигинин өкүлү дүйшөмбүдө кабарлагандай, мунапыс алгандардын арасында 2009-жылкы президенттик шайлоодон кийинки каршылык акциялары учурунда кармалгандар да бар. Бул маалымат Ирандын президенти Хасан Роухани БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко жөнөп кеткенден кийин таратылды.

Өткөн жумада Ирандын түрмөлөрүнөн саясий себеп менен камалган он чакты белгилүү саясатчылар чыгарылды, бирок негизги эки оппозиционерлер: Мирхуссейн Мусави менен Мехди Карруби камакта кала беришүүдө. Маалымат агенттиктери саясий себеп менен камалгандардын бошотулуусу Роухани Батыш менен мамилесин жакшыртууга аракет кылып жатканынан кабар берерин жазышууда.