Абдылдаев менен Лавров Нью-Йоркко чогуу жөнөдү

Кыргызстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров Нью-Йоркко Сочи шаарынан чогуу жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинен кабарлашты. Кечээ Сочиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өткөн. Ага алты өлкөнүн башчылары жана министрлери катышкан. Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясы өз ишин баштоодо. Сессиянын жалпы дебаттарына Кыргызстандын атынан министр Абдылдаев катышып, дүйнөдөгү актуалдуу маселелер боюнча сөз сүйлөйт, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. (RK)