Эгин жыйноо 95% аяктап калды

Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо дээрлик 95% аяктап калды. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат катчысы Кымбатбек Мусаевдин айтымында, 467 миң гектар жыйналып бүттү. Кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү быйыл 1 гектардан 26 центнер болууда. Жалпысынан 1 миллион 213 миң тонна эгин жыйналды. Былтыркыга караганда бул көрсөткүч быйыл 424 миң тоннага көп. (RK)